ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО
ВО – жасалга өнөрү, парк, имарат, турак жай ж. б-ды кооздоо үчүн пайдаланылуучу, кооз ж-а эстетикалык сапаттагы тиричилик буюм-


дарын жасап чыгаруучу көркөм өнөр. Ж.-к. к. и-суна көркөм даярдалган эмерек, идиш-аяк, кийим, килем, сайма, зер буюм, оюнчук ж. б. буюмдар м-н бирдикте оюм-чийим жазуулар, имараттын бет маңдайын ж-а ичин скульптуралык жасалгалап кооздоо, каптооч карапа ж-а витраждар кирет. Станоктук живопистен айырмаланып, Ж.-к. к. и. чыгармалары, эреже катары, буюмдун тиричиликте керектелиши м-н болгон байланышын жоготпойт ж-а өзүнүн көркөм маңызын айлана-чөйрө м-н бирдикте ачып көрсөтөт. Ж.-к. к. и-сунда кеңири колдонулган сюжеттик мотивдер өз алдынча турганда эч кандай мааниге ээ эмес. Алар жасалга

милдети м-н тыгыз байланышкан ж-а ансамблдин талаптарына ылайык анын техникасы м-н материалынын өзгөчөлүктөрүн, буюмдун милдетин чечмелеп турат. Ошондуктан анда станок живописинин чыгармаларына караганда шарттуулукка көбүрөөк практикалык жол берилет. Ж.-к. к. и. буюмдарынын кайра иштетилген маанидеги (эмерек, идиш-аяк, тиричилик буюмдары, кийим) ж-а көбүрөөк жасалгалык мүнөздөгү (саймалап жазуу, жасалга кездемелери ж. б.) буюмдарын так ажыратып билүү зарыл. Бул эки түрдүн ортосунда кескин ж-а так бөлүнгөн чек жок, бирок ар биринин бир гана өзүнө таандык өзгөчө белгилери бар. Тиричиликте керектелүүчү буюмду көркөм жасалгалоо анын колдонмо милдети м-н шайкеш болушу зарыл – бул жерде буюмдун эстетикалык сапаты анын кооздугу


м-н эмес, ошол түрдүн максатка ылайыктуулугуна жараша чечилет; жасалга буюмдарда сюжеттик композицияларды кеңири ж-а эркин пайдаланууга көбүрөөк жол берилет. Станок живописи м-н Ж.-к. к. и-сунун ортосунда ортолук формалар (көркөм панно, гобелен, плафон, кооздук айкелдер) кеңири тараган. Булар архралык бир бүтүндүктүн бөлүктөрү ж-а аны толуктап турат. Ошол эле учурда аларды өз алдынча көркөм чыгарма катары да кароого болот. Ж. к. к. и-су өзүнүн келип чыгыш тарыхы м-н көркөм өнөр дүйнөсүнүн эң байыркы түрүнө кирет, ал кол өнөрчүлүктүн өзүнчө өндүрүштүк бир тармагы болуп бөлүнүп чыккан учурунан баштап, эл арасында узчулуктун түрү катары өнүгүп келген.