ЖАСАЛМА БУЛГААРЫ
ЖАСАЛМА БУЛГААРЫ – ар түрдүү кийим, галантерея ж-а тех. буюмдарды жасоодо табигый булгаарынын ордуна колдонулуучу полимер материал. Ж. б-нын төмөнкүдөй түрлөрү чыгарылат: жумшак, бут кийим резиналары, галантерея ж-а бут кийим картону. Бут кийим резиналары негизинен бутадиен-стирол каучугунан алынып, бут кийимдин такасын, таманын ж. б. жасоодо колдонулат. Бут кийим ж-а галантерея картону булалуу материалдан алынат. Негизги сырьё катары целлюлоза, кебез булалар, табигый булгаарынын майдаланган калдыктары пайдаланылат. Жумшак Ж. б. кездеме, согулган материал, кагаз, түрдүү булаларды резина желими же латекс, поливинилхлорид пастасы, полиамид ж. б. плёнка пайда кылуучу заттар м-н иштетүүдөн алынат.