ЖАСАЛМА ДЕМ АЛДЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА ДЕМ АЛДЫРУУ – өпкөгө абаны жасалма киргизип ж-а аны кайра чыгаруу. Ал ар түрдүү кокустуктарда, ар кандай ооруда, кли­никалык өлүм учурунда, мээде кан айлануу бу­зулганда, мээ күпчөгүндө (суу толуп калганда), мээ сезгенгенде же мээнин травмасында ж-а ар түрдүү уулануудан мээ жабыркаганда, шал оору­сунда, ууланганда, дем алууга катышуучу көкү­рөк, моюн, булчуң эттер сезгенгенде; кабырга, омуртка сынганда, өпкөнүн түрдүү ооруларын­да (мис., өпкө шишигенде, бронх астмасында ж. б.) жасалат. Негизинен өпкөгө абаны үйлөп киргизүү ыкмалары колдонулат. Ага ооздон оозго, ооздон мурунга үйлөө, кекиртекке түтүк салып, ал аркылуу өпкөгө газды үйлөө же бет­ке маска коюп, ал маска м-н абаны үйлөп, өпкөгө киргизүү ж. б. кирет. Дем алуу ж-а жүрөк токтогон учурда адам клиникалык өлүм абалы­на келет. 4–6 мүнөттүн ичинде организмде кыч­кылтек жетишсиздигинен ж-а көмүр кычкыл газынын көбөйүшүнөн жашоонун эң негизги органдарында кайта калыбына келбей турган бузулуулар пайда болот да, организм биол. өлүмгө дуушар болот. Эгер ушул кыска мөөнөттө кайра жандандыруу б-ча аракеттер жасалса, адамды клиникалык өлүм абалынан кайра чы­гарып алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ж. д. а. үчүн эс-учун жоготкон адамды катуу жерге чал­касынан жаткырып, оозу, мурдун ар кыл зат­тардан (ылай, кан, кум, ириң, тамак) тазалайт. Эс-учу жок адамдын ээги бошоп калгандыктан, тил дем алуу жолун бүтөбөш үчүн жаакты ж-а ээкти өйдө көтөрүү керек. Мунун натыйжасын­да тил көтөрүлүп, жол ачылат. Ж. д. а-ну жө­нөкөй ооздон оозго ж-а ооздон мурунга абаны үйлөө жолдору м-н баштоо зарыл. Ж. д. а-чу жаткан жабыркаган кишинин оң жагында бо­луп, сол колу м-н чекесинен басып, башты арт­ка чалкалатып, оң колу м-н ээкти көтөрөт. Өзү терең дем алып, жаткан кишинин оозуна үй­лөйт. Абаны катуу үйлөгөндөн кийин адамдын оозунан өз оозун тез тартып алат. Бул маалда оорулуу дем чыгарат. Дем чыгып бүткөндө, кай­ра үйлөө керек. Ооздон оозго үйлөп дем алдыруу­да оорулуунун мурдун чымчып бүтөп туруу, ал эми ооздон мурунга (таноого) үйлөп дем алдыруу­да адамдын эриндерин бекем жаап туруу зарыл. Абаны үйлөп дем алдыруу мүнөтүнө 12–20 жолу болуш керек. Дем алуу токтогондо, жүрөк да токтоп калса, Ж. д. а-ну жүрөк массажы м-н айкалыштыруу керек. Ооруканада ж-а тез жар­дамда Ж. д. а. үчүн атайын аппарат колдонулат.