ЖАСАЛМА ТИШ
ЖАСАЛМА ТИШ , т и ш п р о т е з и – түрдүү себептерден түшкөн же жулдуруп салынган тиштин ордун толуктоо же кыйшык тиштерди түзөтүү үчүн жасалган атайын түзүлүш. Балдардын тиши туура эмес жайгашканда, же кемээк, орсок тиш болгондо атайын ортопедиялык Ж. т. колдонулат. Ал бет м-н жаактын бузулушун алдын алууга ж-а дарылоого мүмкүндүк берет. Ж. т. организмге зыянсыз материалдан (фарфор, пластмасса, асыл металлдар ж. б.) ар бир кишиге жеке жасалат. Ж. т-ти өз убагында салдырбаса, тамак-аш жакшы чайналбай жутулуп, акыры ичеги-карындын иши бузулат. Ж. т. түзүлүшү б-ча таяныч тишке бекитилген турукдат баспас болоттон, пластмассадан, фарфордон ж-а металлды пластмасса же фарфор м-н каптап жасалат. Эгер маңдайкы тиштин таажысы такыр бузулуп, түбүн дарылоого мүмкүн болсо, ага бурап орнотулган штифтүү Ж. т. койсо болот. Көпүрө сымал Ж. т. 1–4 тиш жок учурда жасалат. Анын ортосун фарфор же пластмассадан, же бүт эле металлдан жасап, таяныч тишке бекитет. Таяныч тиш бекем болуп, жакшы дарыланышы зарыл. Кийме Ж. т. таңдайга же бүйлөгө кийилүүчү пластинкадан ж-а ага бекиген Ж. т-тен турат. Тиштин көбү жок болгондо ж-а таяныч болор соо тиш жок учурда кийме тиш салынат. Ж. т. салуудан мурда чириген тишти дарылоо, өтө бузулган тишти жулдуруу, таяныч боло турган тиштердин түбүндөгү этти жакшылап текшерүү зарыл.