ЖАТАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАТАН – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыш­так. Т. Зулпуев атн. айыл округуна караштуу. Кыр-кол суусунун боюнда, деңиз деңг. 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 5 км түн.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. беке­тинен 35 км. Калкы 1723 (2007); негизинен дый­канчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. ФАП иштейт.