ЖАТЫН
ЖАТЫН (uterus, metria) – ургаачы жаныбар ж-а аялдын жыныс органдарындагы урук өткөргүч түтүктүн жоон бөлүгү. Ж. бардык сүт эмүүчүлөрдө, канаттууларда, сойлоочулардын көбүн-

дө, муунак буттууларда, айрым жерде-сууда жашоочуларда, жумуру курттарда ж. б-да болот. Жумуртка таштоочу омурткалуулардын (сойлоочулар, канаттуулар) Ж-нында жетилген жумуртка убактылуу жашайт. Тирүү туучу жаныбарда жумурткадан же эне организминдеги азык заттардын эсебинен эмбрион өсүп жетилет. Ж. м-н түйүлдүктүн ортосундагы зат алмашуу тон (чөп) аркылуу жүрөт. А я л д ы н Ж-ы – жамбаш чарасында жайгашкан булчуңдуу көңдөй орган, анда уруктанган энелик клетка өсөт, кош бойлуу мезгилде түйүлдүк жетилет. Ал денеси, тулкусу ж-а жатын моюнчасынан турат. Демейде алмурут сымал формада болуп, тулкусунун жара кесилиши үч бурчтуктай көрүнөт, жогорку 2 бурчу жатын түтүктөрүнө, төмөнкү бурчу жатын моюнчасына кошулат. Анын капталы ички былжыр челден (эндометрий), ортоңку булчуң катмардан (миометрий) ж-а сырткы жылма
катмардан (периметрий) турат. Кош бойлуу убакта булчуң катмарынын чоюлушунан көлөмү ж-а формасы өзгөрөт. Төрөгөндөн кийин Ж. кичирейип, мурунку абалына келет. Ж-дын ички былжыр чели этек кир циклине карата өзгөрүп турат. Аны нерв системасы, энелик бези, гипофиздин алдыңкы бөлүгү иштеп чыгарган гормондор, эндокрин системасы жөнгө салат. Ж. ич чели, байламталар, жамбаш булчуңдары м-н жамбаш чарасына бекип турат. Жатын моюнчасынын ички бети былжыр чел м-н капталып, ал бөлүп чыгарган жетиштүү секрет бактерияга каршы таасир этиши Ж-га инфекциянын түшүшүнө тоскоол болот. О. эле сперматозоиддин кыймылына таасирин тийгизип, уруктанууда да мааниси чоң. Ж. кыймылдуу келип, кош бойлуу, табарсык ж-а көтөн чучук толтура учурда ж. б. физиол. шартта ордун которуштуруп турат.