ЖАТЫНДАН КАН АГУУ
ЖАТЫНДАН КАН АГУУ түрдүү гинекол. ооруларда, бойдон козголгондо, о. эле жалпы организмдин кээ бир ооруларында болот. Жатындан кан көп же аз агышы мүмкүн. Кан көп келгенде, өмүргө коркунуч туулат. Мындай учурда тезинен мед. жардам чакыруу керек. Ж. к. а. айрым убакта этек кир келген убакытка туура келип (к. Этек кир) калышы мүмкүн. Ж. к. а-да эң көп ж-а уюган кан түрүндө келет. Кээде анча көп кетпегени м-н узакка (10–12 күнгө чейин) созулуп, этек кир аралыгындагы убакыт кыскарат же башаламан беймаал келет. Кээде бойго бүтпөй эле этек кир кечиккенде да кан көп кетет. Мындай кан агуу жатын функциясынын бузулушуна байланыштуу, жыныстык жетилүү ж-а климакс мезгилинде болот. Анын себебин өз убагында табуу туура дарылоого мүмкүндүк берет. Эгерде этек кир токтогондон бир нече жылдан кийин кан келсе, тезинен врачка кайрылуу керек.