ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ
ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ б и о л о г и я д а – организмдердин жашап кетүү м-н бирге өзүнөн
кийин тукум калтырууга жөндөмдүүлүгү, түр ичиндеги ж-а түр аралык атаандаштык, о. эле тышкы чөйрөнүн абиота шарттарына карата аракети. Мындай күрөш организмдердин жашоосу, көбөйүүсү үчүн керектүү шарттар жетишпеген учурда чыгат. Ал табигый тандалуу м-н тыгыз байланыштуу. Бул түшүнүктү 1859-ж.
Ч. Дарвин сунуш кылган. Ж. ү. к-тү айыгышкан касташуу эмес, организмдер ортосунда боло турган өз ара мамилелердин көрүнүштөрү деп аныктаган. Ж. ү. к. түр ичинде ж-а түрлөр арасында жүрөт. Т ү р и ч и н д е г и с и бир эле түргө тиешелүү организмдердин ортосунда болот. Мис., карышкырлар жем үчүн, ал эми кызыл карагайлар жарык үчүн күрөшөт. Т ү р л ө р а р а с ы н д а г ы к ү р ө ш т ө ар кайсы түрлөргө тиешелүү организмдер ортосунда түрдүү мүнөздөгү күрөш жүрөт. Мис., жырткычтын ж-а ага жем болчу жаныбардын ортосундагы күрөш.