ЖАШТАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ОЮНДАРЫ
ЖАШТАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ОЮНДАРЫ – спорттун 15 түрү б-ча жашы 18ге чейинки жаштар катышкан эл аралык мелдештер. Эл аралык Олимпия к-тинин көзөмөлү астында Москва ш-нда 1998-ж. 20-июлда өткөрүлгөн. 131 өлкөнүн спортчулары катышкан. Олимпия оюндарынын салты б-ча Ж. э. а. о-нда Олимпия кыштагы курулуп, Грекияда күйгүзүлгөн Олимпия оту эстафета аркылуу жеткирилип ж-а Олимпия желеги көтөрүлөт. Ж. э. а. о-на катышкандардан 64 өлкөнүн спортчулары байгеге жетишкен. Командалык эсепте биринчи орунга Россия (64 алтын, 29 күмүш, 31 коло), экинчиге Украина (10, 19, 23), үчүнчүгө Кытай (21, 7, 9) татыган. Ж. э. а. о-нда негизги программадан тышкары спорттун 30 түрү б-ча көрсөтүү иретинде мелдеш ж-а «Жаштар – Илим – Олимпизм» деген ил. форум (150 окумуштуунун катышуу м-н) болуп өткөн. Ж. э. а. о-нын жеңүүчүлөрүнүн ж-а байгеге ээ болгондордун ичинен Олимпия оюндарынын азыркы чемпиондору ж-а байгеге ээлери өсүп чыккан. Кырг-ндан бул оюндарга К. Бегалиев (грек-рим күрөшү), Д. Көбөнов (грек-рим күрөшү; 3-орун) ж. б. катышкан. 20-к-дын башында Осмон империясын жарым көз карандылыкка айландырышы, султан Абдул-Хамид IIнин катаал сурагы элдин нааразылыгын күчөтүп, бурж. интеллигенттерди, асыресе офицерлер чөйрөсүн кыжырланткан. Кыймылды «Биригүү жана прогресс» уюмунун мүчөлөрү башкарган. 1908-ж. 3-июлда майор Ниязинин, 6-июлда майор Энвердин колу көтөрүлүш чыгарып, 23-июлда бир катар шаарларды (Салоники, Биотль ж. б.) ээлеген. Өлкөдө 1876-жылдагы конституция калыбына келтирилип, Абдул-Хамид II парламентти чакырууга аргасыз болгон. Бирок 2-жолу бийликке келген Абдул- Хамидди кулатып (1909-ж., 27-апрель), жаш түрктөр бийликке келишкен.
Ад.: Алиев Г. З. Турция в период правления младотурок. М., 1972.
А. Нишанов.