ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР
ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР (Chlorophyta) – клеткаларында хлорофилли көп жашыл түстөгү жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр. Алар бир же көп клеткалуу болушат, жип сымал же жалпак жалбырак түрүндөгү талломдорду пайда кылат. Ж. б. клеткаларынын ж-а талломдорунун түзүлүшү б-ча ар түрдүү. Мис., бир клеткалуу балырлар тегерек, орок сымал же ийиктей болот.

Клеткаларында эки шапалагы бар, бирок жагымсыз шартта шапалактарын жоготуп, былжыр бөлүп чыгарат да, бөлүнүүсүн уланта берет. Ж. б. жыныссыз (бөлүнүү), жыныстык ж-а вегетациялык жол м-н көбөйөт. 5 класска (вольвокстор, хлорококктор, улотрикстер, сифондор, коньюгаттар) кирген 400дөй уруусунун 20 миңге жакын түрү белгилүү. Алардын өкүлдөрү Кырг-ндын сууларында көп кездешет. Көбүнчө тузсуз сууларда ж-а деңизде өсөт. Бир клетка-
луу ж-а колониялуу, айрым Ж. б. топуракта, дарак сөңгөгүндө эпифит ж-а симбионт түрүндө учурайт. Алар башка жашыл өсүмдүктөрдөй эле өз денесинде орг. зат пайда кылып, суудагы көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ж. б. – балык ж. б. суу жаныбарларына азык. Андан тоют, тамак-аш, жер семирткич даярдалат, к. Балырлар.