«ЖАШЫЛДАР»
«ЖАШЫЛДАР» – айлана-чөйрөнү сактоо ж-а калыбына келтирүү максатында же ошол багытта иш-чараларды (абаны ж-а сууну булгануудан сактоо; радиоактивдүү булгануу кооптуулугуна каршы пикирин билдирүү ж. б.) жүргүзүү үчүн түзүлгөн кыймыл. Ал катталган ж-а катталбаган коомдук уюмдар, саясий партиялар түрүндө түзүлөт. Ж. айрыкча Батыш Европа өлкөлөрүндө жандуу иш жүргүзүүдө. Алар көпчүлүк өлкөлөрдүн ж-а Европа парламентинин курамына кирген. Кырг-нда Ж. партиясы ж-а бир нече табиятты коргоо уюмдары бар. Н. Майрыков.