ЖАШЫЛ КИТЕП
ЖАШЫЛ КИТЕП – сейрек, жоголуп бараткан ж-а өзгөчө коргоого муктаж өсүмдүктөр тобу ж-дөгү маалымат жыйнагы, китепче. Ал – Кырг-нда чөйрөнү коргоо жаатындагы КР мыйзамдарынын алгачкы жыйнагы. 1999-ж. Бишкекте басылып чыккан. Жыйнак беш чоң бөлүмдөн турат, алар – жаныбарлар дүйнөсү, айлана-чөйрөнү коргоо, экол. экспертиза, атм. абаны коргоо, КРдин биосфералык аймактары ж-дөгү мыйзамдар. Мыйзамдар өз ичинен бөлүкчөлөргө ж-а жоболорго бөлүнөт, о. эле к. Кызыл китеп.