ЖАШЫЛ КОНВЕЙЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛ КОНВЕЙЕР – малды жаз-жай-күз мез­гилинде жашыл тоют м-н үзгүлтүксүз ж-а же­тиштүү камсыз кылууну уюштуруу. Ал колдо багылган малдын сүтүн, этин көп өндүрүү үчүн пайдаланылат. Мында, эрте жаздан кеч күзгө чейин кезектешип жетилүүчү өсүмдүктөрдү туу­ра жайгаштырып өстүрүү чоң мааниге ээ. Чүй өрөөнүндө жазда себилген буурчак + сулуну 20– 30-мартта, перко+рапсты 5–20-апрелде, кара буудайды – 15–30-апрелде, тритикалени –1–20 майда; беденин 1 чабыгын 5–30-майда, 2 чабы­гын 1–30-июнда, 3 чабыгын 10–30-июлда, 4 ча­быгын 20-августтан –10-октябрда чаап, жашыл тоют түрүндө пайдаланылат. О. эле, жүгөрү+соя, сорго, тоют кызылчасы, тоюттук капуста да жа­шыл тоют катары колдонулат. Бул өсүмдүктөр­дүн жашыл массасын өсүп жетилишине жара­ша малга үзгүлтүксүз чаап берүү м-н сүт ж-а эт өндүрүүнү ургаалдуу жүргүзүүгө болот. Ж. к-де орто ченинде өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү (күздүк кара буудай, тритикале, рапс, перко ж. б.) ке­ңири пайдалануу зарыл. Бир талаадан бир жыл­да эки жолу түшүм алууга мүмкүнчүлүк берип, айдоо жердин натыйжалуу пайдаланылышына шарт түзөт. А. Карабаев.