ЖАШЫЛ КОНВЕЙЕР
ЖАШЫЛ КОНВЕЙЕР – малды жаз-жай-күз мезгилинде жашыл тоют м-н үзгүлтүксүз ж-а жетиштүү камсыз кылууну уюштуруу. Ал колдо багылган малдын сүтүн, этин көп өндүрүү үчүн пайдаланылат. Мында, эрте жаздан кеч күзгө чейин кезектешип жетилүүчү өсүмдүктөрдү туура жайгаштырып өстүрүү чоң мааниге ээ. Чүй өрөөнүндө жазда себилген буурчак + сулуну 20– 30-мартта, перко+рапсты 5–20-апрелде, кара буудайды – 15–30-апрелде, тритикалени –1–20 майда; беденин 1 чабыгын 5–30-майда, 2 чабыгын 1–30-июнда, 3 чабыгын 10–30-июлда, 4 чабыгын 20-августтан –10-октябрда чаап, жашыл тоют түрүндө пайдаланылат. О. эле, жүгөрү+соя, сорго, тоют кызылчасы, тоюттук капуста да жашыл тоют катары колдонулат. Бул өсүмдүктөрдүн жашыл массасын өсүп жетилишине жараша малга үзгүлтүксүз чаап берүү м-н сүт ж-а эт өндүрүүнү ургаалдуу жүргүзүүгө болот. Ж. к-де орто ченинде өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү (күздүк кара буудай, тритикале, рапс, перко ж. б.) кеңири пайдалануу зарыл. Бир талаадан бир жылда эки жолу түшүм алууга мүмкүнчүлүк берип, айдоо жердин натыйжалуу пайдаланылышына шарт түзөт. А. Карабаев.