ЖАШЫЛ-КӨЛ
ЖАШЫЛ-КӨЛ – Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы чакан көл. Лейлек р-нунун аймагында. Ак-Суунун алабында жайгашкан. Ай-Көлдөн 3–4 км түн.-батыш тарапта. Аянты 0,18 км2. Деңиз деңг. бийикт. 2600 м. Көл чанагы өрөөндүн чөгүп кетишинен пайда болгон. Көлгө майда өзөндөр куюп, андан агып чыккан суу Ак-Сууга кошулат.