ЖАШЫЛ-КӨЛ КӨЛДӨР ТОБУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛ-КӨЛ КӨЛДӨР ТОБУ Ара-Бел сырты­нын батыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы Барскон суусунун өтмө өрөөнүн­дө жайгашкан. 1. Эң ириси Барскон ашуусунан 1,5 км түш. тарапта. Деңиз деңг. 3780 м бийик­тикте. Уз. 2,1 км, аянты 0,8 км2. Көлөмү 2,18 млн м3. Эң терең жери 15,5 м. Жогору ж-а төмөн жагынан чакан көлмөлөр м-н өзөн аркылуу ту­ташат. 2. Андан 600 м түш. тарапта экинчи көл жайгашкан. Жогорку көлдөн агып чыккан суу м-н толукталып турат. Ара-Бел суусу да ушул көлгө куят. Аянты 0,1 км2, көлөмү 0,2 млн м3, эң терең жери 2,8 м. 3. Барскон ашуусунан 9 км түш.-чыгыш тарапта, Ара-Бел суусунун өрөө­нүндө, 3752 м бийикте жайгашкан. Көлдөн агып чыккан суу майда көлмөчөлөргө куят. Аянты 0,54 км2, көлөмү 0,857 млн м3, эң терең жери 4,8 м. 4. Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы тепши сымал өрөөндө, деңиз деңг. 3840 м би­йикте жайгашкан чакан көл. Аянты 0,657 км2, көлөмү 4,03 млн м3, эң терең жери 15 м. Жал-


пысынан Ж.-К. к. т. моренадан пайда болгон. Көлдөрдө балык бар.