ЖАШЫЛЧАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛЧАЛАР — ширелүү бөлүгү тамак-ашка пай дал анылу у чу эгил м е же таб игый чө п өсүмдүктөр. Ж-дын 620 түрү (78 тукумга кирет), КМШ өлкөлөрүндө 60 түрү бар. Анын теңи эгил­ме, калгандары табигый түрдө пайдаланылат. Ж-дын курамында эң көп витамин, белок, май ж-а углевод азык заттары, орг. к-та, минерал заттар бар. Тамак-ашка сабак, жалбырак, жал­бырак сабы, кочаны (капуста, шибит, мангольд ж. б.), азык тамыры (сабиз, аш кызылчасы, чамгыр, түрп, шалгам ж. б.), пияз түбү (пияз, сарымсак ж. б.) ж. б. пайдаланылат. Ж-дын бир-эки ж-а көп жылдык түрлөрү бар. Бир жылдык Ж-дын (чанактуулар, ашкабак уруу­сундагы өсүмдүктөр, шалгам ж. б.) өсүү цикли эгилген жылы эле аяктайт. Эки жылдык Ж-да (пияз, сарымсак, тамыры азык өсүмдүктөрдүн шалгамдан башкасы, капустанын түстүү ж-а пекин капустасынан башкасы ж. б.) 1-жылы тамак-ашка пайдаланылуучу бөлүктөрү, 2-жы-

Жашылчалар: 1 – капуста; 2 – бадыраң; 3 – пияз; 4 – баклажан; 5 – калемпир; 6 – шалгам; 7 – сабиз; 8 – чамгыр; 9 – ышкын; 10 – сарымсак; 11 – помидор.

лы уругу пайда болот. Көп жылдык Ж. – ыш­кын, козу кулак, эстрагон ж. б. Ж-дын көбү жылуу жерде, нымдуу, күрдүү топуракта жак­шы өсөт.