ЖАШЫТУУ
ЖАШЫТУУ – чыңалган металлдын (мис., болоттун) түзүлүшүн өзгөртүү үчүн ар кандай темпра м-н да иштетүү. Ж. процесси төмөндөгүдөй жүрөт: металл кандайдыр бир темп-рага чейин ысытылып, белгилүү бир убакытка чейин кармалат да, андан кийин муздатылат. Ж-нун натыйжасында металл каалагандай мех. касиетке ээ болуп, ички чыңалуусу жоюлат. Ж-нун бир нече түрү болот: 500–560°Сге чейин ысытылса, жогорку темп-ралык Ж. деп аталып, машина курууга керектелүүчү тетиктер же аспаптык болоттор үчүн колдонулат; 150–250°Сде Ж. – цементтелген, циандалган көмүртектүү ж-а легирленген болотто ички чыңалууларды азайтуу максатын көздөйт; 350–475°Сде Ж. – пружина жасоодо пайдаланылат. Бир нече ирет Ж. м-н курч болоттон аспаптык болот алынат.