ЖАЯН
ЖАЯН (Silurus glanis) – жаяндар тукумундагы балык. Ж-дын денеси жылаңач, кабырчыксыз,
башы жалпак, көздөрү кичине. Түсү жашаган жерине жараша өзгөрүп турат. Жонунда кара тактары бар. Каспий деңизинде жашагандарынын эң чоңунун дене уз. 5 мге, салмагы 5 цге
чейин болгон. Деңиз деңгээли жогорулаган сайын Ж. кичирейет. О. Азияда жашаган балыктардын эң чоңу.

Мындан көп жыл мурун Каспий, Арал деңиздеринде, Сыр-Дарыяда, Кара-Дарыяда, Н ар ын ж-а Чүй д-нда кеңири таралган. Көбүнчө жай аккан, ылай эмес сууларда, сайларда жашайт. Алар – жырткыч, майда балыктар, бакалар, суу канаттуулары м-н азыктанат. Ж. 4–5 жашында жыныстык жактан жетилип, 11–480 миңдей урук таштайт.