ЖЕБЕ
ЖЕБЕ – жаанын огу. Ал табылгы, ыргай, шилби, кайыңга окшогон ийилчээк катуу жыгачтан жасалган. Тийген жерине кирип кетиш үчүн Ж-нин учуна кийгизген металлды (коло, жез, коргошун, темир) колок же кыма дешкен. Ж. түз ж-а алыс кетсин үчүн арткы бөлүгүнө узата Ж. канатын жабыштырышат. Жаачылар Ж-ни саадакка салып жүрүшкөн.