ЖЕБЕЛГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕБЕЛГЕ , к о ё н т о м у к (Clematis) – өсүм­дүктөрдүн байчечекейлер тукумундагы уруусу. Бадал, чала бадал. Сабагы агыш, 4 кырдуу тик же чырмалып же жарым-жартылай жармашып өсөт. Жалбырагы канат сымал татаал кесил­ген, кээде түктүү. Сабына тушташ жайгашат. Гүлү жалгыз же топтошуп, чачы сымал топ гүлдү түзөт. Мөмөсү – узун саптуу, түктүү жаңгакча­лар; алар топтошуп. жибек сымал барпайган башчаны түзөт. Батыш Европада деңиз жээгин­де өстүрүлүүчү 2000ден ашык сорту, түрчөсү бел­гилүү. Крым жээгиндеги Никита ботан. багын­да кургакка, зыянкечтерге чыдамдуу 150дөн ашык гибрид сортторунан турган коллекциясы бар. Ал көпкө чейин гүлдөйт. Айрымдарынын гүлдөрүнүн диаметри 22 смге жетет, Кырг-нда 5 түрү бардык аймактарда кездешет. Тоонун таш­туу бетинде, капчыгайларда өзөн суулардын бо­юнда өсөт. Ж-нин бардык түрү уулуу.