ЖЕЗКАЗГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗКАЗГАН – Казакстан Респ-ндагы шаар. Ка­раганды обл-нда. Сары-Суунун оң куймасы – Ка­ракеңирдин жээгинде жайгашкан. Калкы 104,4 миң (2007). 1939-ж. негизделген. 1954-жылдан шаар. Т. ж. бекети. Өлкөнүн ө. ж. өнүккөн шаар­ларынын бири. Түстүү металлургия, хим., электр жабдыктары, «Улуу-Тоо» казак-кытай жеңил ө. ж. бирикмеси, тамак-аш, полигр. ө. ж. иш­каналары иштейт. Ун-т, ин-т, мед. коллеж, ке­сиптик-тех. окуу жайлары, китепканалар, та­рых-край таануу музейи, кинотеатр, спорт са­райы, ботан. бак ж. б. бар.