ЖЕЗКАЗГАН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗКАЗГАН КЕНИ – жез кенташынын КМШдагы ири кендеринин бири. Жезказган ш-нын жанында. Кен 18-к-дын аягынан бери белгилүү. 1929-жылдан казылып алынат. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин башталышын­да пайда болгон акиташ теги, мергель, кумдук, карбондун ортосу м-н аягындагы жезказган геол. свитасы ж-а пермдин башталышындагы кум­дук, аргиллит, акиташ теги, мергель сыяктуу чөкмө тектер түзөт. Жезказган свитасы улам алмашып катмарланган боз ж-а кызыл түстүү кумдук м-н алевролиттерден турат. Анда конг­ломераттар да кезигет. Кен жезказган свитасын­дагы антиклиналдык түзүлүштүн ийилген жер­лерине (боз түстүү тектерде) топтолгон. Мында кенташ кабаттары 600 м тереңдикке чейин кезигип, алардын жалпы саны 26, анын 19у ө. ж-лык мааниде. Тоо тек катмарлары кандай жатса, кенташ ошого жараша аларды кайта­лап, кабат түрүндө жайгашкан. Планда алар узатасынан созулуп, уз. бир нече км, туурасы 0,5 мден 1–2 кмге чейин. Кенташ комплекстүү: негизгиси жез, коргошун м-н цинк да чоң маа­ниге ээ. Кошумча түрдө күмүш м-н рений ж-а аз өлчөмдө мышьяк, кадмий, висмут, кобальт, сымап, никель ж-а молибден бар. Жез кента­шы халькопирит, борнит ж-а халькозин мине­ралдарынан турат. Минералдары негизинен кум­дук м-н конгломераттардын цементтеринде, кээ­де талаа шпаты ж-а кварцта майда бүртүкчө, ал эми тектон. зоналарда тарамча түрүндө. Ж. к. сингенез (чөкмө) жолу м-н пайда болгон жездүү кумдук ж-а сланецтердин кендерине кирет (В. М. Попов, Д. Г. Сапожников, Ү. А. Асана­лиев). Бирок анын эпигенез (гидротерм) жолу м-н пайда болгондугун далилдеген окумуштуу­лар да бар (К. И. Сатпаев ж. б.).