ЖЕЗ КЕМПИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗ КЕМПИР (ж е з т у м ш у к, ж е з т ы р­м а к) – кыргыз элинин жөө жомокторундагы салттуу терс каарман. Ж. к. кадимки адам түс­пөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалаган­дай кубулат, тумшугу, тырмактары курч (болот­тон, жезден). Ал эл жүрбөгөн алыскы жайлар­да жашап, адамдардын канын соргондугу ай­тылат. Адамдар амалкөйлүк м-н Ж. к-ди өл­түрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. Мындай мүнөздөгү образдар дүйнө­дөгү башка элдердин фольклорунда да кезигет.