ЖЕЙТУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЙТУН – б. з. ч. 5 миң жыл мурда дыйканчы­лык ж-а мал чарбачылык м-н кесип кылгандар мекендеген жай. Ж. Ашхабад ш-нын 25 км түн.- батыш жагында. 1952-ж. Түш. Түркмөнстандын археол. экспедициясы изилдеген. Ж-дан бир бөл-

Жейтун табылгалары: 1) чоподон, 2) сөөктөн, 3) таштан жасалган эмгек куралдарынын сыныктары.

мөлүү дубал тамдардын, таштан жасалган эм­гек куралдарынын калдыктары, буудай м-н ар­панын даны, жапайы ж-а үй жаныбарларынын сөөктөрү табылган. Жөнөкөй геом. чиймелер м-н кооздолгон карапа идиштер, жаныбарлар­дын топурактан жасалган кичинекей скульп­туралары да көп кездешкен. Ж-дун Алдыңкы Азиянын бул типтеги байыркы эстеликтери м-н көп окшоштугу бар.


Ад.: Массон В. М. Поселение Джейтун. Л., 1971; Новые исследования на поселения Джейтун. Ашгабат, 1992; Неолит Северной Евразии. М., 1996.