ЖЕКЕ-МИСТЕ
ЖЕКЕ-МИСТЕ – Ош обл-нун Араван р-нундагы кыштак. Төө-Моюн айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 635 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 30 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 35 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 2485 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки мектеп, китепкана, ФАП бар.