ЖЕКЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕН (Typha) – жекендер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. Ж-дин 15 түрү бел­гилүү. Тамыр сабактуу, сабагы жоон, бийикт. 3 мге жетет. Жалбырагы тасма сымал узун, ич­ке. Гүлү майда, топ гүлү – сото, сотонун төмөн жагында аталык гүлдөрү жайгашат, уругу үпү­лүү. Кээси сууда, айрымдары саздуу жерде өсөт. Малга жакшы тоют, кээ бир түрү – отоо чөп. Ж. көбүнчө субарктика, мелүүн ж-а тропик ал­кактарга мүнөздүү. Кырг-нда 7 түрү бар. Анын ичинен жазы жалбырактуу ж-а ичке жалбы­рактуу Ж. эң көп таралган. Саздак жерлерди өздөштүрүүнүн кесепетинен Ж-дин айрым түрү азайып кеткен. Алар биосферанын тең салмак­туулугун сактоодо мааниси чоң. Жалбырагынан төшөнчү, чий согулат, крахмалдуу тамыр-саба­гы желет, сотосунун бүрлөрү жаздыкка салы­нат, ар кандай баш кийимдерди токууда ж-а кагаз өндүрүшүндө колдонулат.