ЖЕКЕН
ЖЕКЕН (Typha) – жекендер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. Ж-дин 15 түрү белгилүү. Тамыр сабактуу, сабагы жоон, бийикт. 3 мге жетет. Жалбырагы тасма сымал узун, ичке. Гүлү майда, топ гүлү – сото, сотонун төмөн жагында аталык гүлдөрү жайгашат, уругу үпүлүү. Кээси сууда, айрымдары саздуу жерде өсөт. Малга жакшы тоют, кээ бир түрү – отоо чөп. Ж. көбүнчө субарктика, мелүүн ж-а тропик алкактарга мүнөздүү. Кырг-нда 7 түрү бар. Анын ичинен жазы жалбырактуу ж-а ичке жалбырактуу Ж. эң көп таралган. Саздак жерлерди өздөштүрүүнүн кесепетинен Ж-дин айрым түрү азайып кеткен. Алар биосферанын тең салмактуулугун сактоодо мааниси чоң. Жалбырагынан төшөнчү, чий согулат, крахмалдуу тамыр-сабагы желет, сотосунун бүрлөрү жаздыкка салынат, ар кандай баш кийимдерди токууда ж-а кагаз өндүрүшүндө колдонулат.