ЖЕКЕСАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕСАН – 1) кыргыздардын коңгуроо сымал тилдүү байыркы муз. аспабы. Ж-дын конус түрүндө жасалган түрү кеңири тараган. Анын бүлдүргүсү‚ тили илинүүчү бүтүн жагы түбү‚ ачык жагы оозу деп аталган. Тулкусунун бийикт. 70– 120 мм‚калыңдыгы 3–4 мм. Ал жезден‚ темир­ден‚ колодон жасалган. Добушу бийик болуп, көч баштаган төөнүн моюнуна тагылган; 2) баа­тырлар кийүүчү бийик такалуу кооз өтүк. Кол башчыларды же аскер башчыларын айырмала­ган чин белгиси болгон.