ЖЕКИШЕВА
ЖЕКИШЕВА Сагын Жекишевна (15. 8. 1948-ж. т., Талас обл., Талас р-ну, Арашан кыш.) – техника илимд. доктору (1995), проф. (2000). КР-дин Инж. академиясынын академиги (2004). КРдин билим берүүгө эмг. сиң. кызматкери (2006). Москвадагы кооперация ин-тун (1971), Москвадагы Плеханов атн. Эл чарба ин-тунун аспирантурасын бүтүргөн. КМУда окутуучу, кафедра башчысы, доцент (1971–95); Кыргыз кооперация академиясында ректор (1997–2003); КМКТАУда кафедра башчы, проф., КАУда декан, ин-тун директору (2003–04) болуп иштеген. 2006-жылдан КРСУда проф. Фарфор өндүрүшүнүн негиздери, карапа материалдарынын технологиясы б-ча адис. Республикада карапа ө. ж-н чыңдап, өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын негиздеген. 150 дөн ашык ил. иштердин, 8 монографиянын ж-а 3 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Фарфоровые камни Кыргызской Республики – новое нетрадиционное керамическое сырьё. Б., 1994; Физико-химические аспекты технологии алюмосиликатной керамики. Б., 2008.