ЖЕЛАРГЫ БАЗАЛЬТТУУ ПОРФИРИТ КЕНИ
ЖЕЛАРГЫ БАЗАЛЬТТУУ ПОРФИРИТ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Желаргы кыш-нан 4 км түн.-батышта, деңиз деңг. 1550 м бийикте жайгашкан. 1962-ж. табылган. Уз. 300 ж-а 80 м, калыңдыгы 45 ж-а 4 м болгон базальттуу порфириттин эки дайкасы палеоген катмарынын арасында жатат. Хим.-технол. сыноонун негизинде порфириттен минералдык кебез алууга мүмкүн экендиги аныкталган. Болжолдуу запасы 0,5 млн м3.