ЖЕЛАРГЫ ГРАНОСИЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛАРГЫ ГРАНОСИЕНИ́Т КЕНИ , Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Желаргы т. ж. бекетинен 2,5 км түш.-батышта жайгашкан. 1982–83-ж. геол. чал­гындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен соңку палео­зойго таандык граносиениттен турат. Физ.-мех. касиеттери: тыгыздыгы 2,77 г/см3, орт. тыгыз­дыгы 2,65–2,95 г/см3, суу сиңирүүсү 0,3–0,4%; көзөнөктүүлүгү 4%, кургак абалда баскандагы бе­кемдик чеги 123,5 МПа, сууга каныккан абал­дагысы – 102 МПа, суукка чыдамдуулугун – 104,6 МПа. Граносиениттер оор бетонго шагыл катары пайдаланууга жарайт. Бекитилген запа­сы – А+В+С категориясы б-ча 5374 миң м3.