ЖЕЛАРГЫ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛАРГЫ КӨРҮСТӨНҮ – эрте темир дооруна таандык 22 көрүстөндөн турган археол. эстелик. Бишкек-Балыкчы жолунун 108 кминде, Чүй суусунун сол тарабында жайгашкан. 1974-ж. ар­хеолог В. П. Мокрынин изилдеген. Үч көрүстөн­дө маркумдардын сөөктөрү ички дубалы таш м-н кыналган чуңкур көрлөргө, калганы жөнө­көй көрлөргө коюлган. Сөөктөрдүн жанынан карапа идиштер, акак шурулар, коло күзгү ж-а бычактар табылган. Маркумдардын антропол. түзүлүшүндө европеоиддик да, монголоиддик да белгилер бар.