ЖЕЛЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛЕ – 1) кулун тизип, байлоого ылайыктал­ган ыкма. Ал кыл аралаштырылган жүндөн жоон эшилип, үч-төрт катталып чыйратылат. Уз. 15–20 м келет. Ж-нин эки учу эки казыкка байланат. Ар кайсы жерине аралыгын бир м жыгач (арча, четин, кайың) тээктүү чыкта беки­тилет. Бир Ж-ге 15–20 кулун байланат; 2) туу куйруктан жасалган бир нече кылтакты өтө жүйүр бекитип, бышык жиптен же кылдан чыйратылып жасалган илбээсин кармаш үчүн аңчылык куралы. Муну к ы л т а к Ж. же т у з а к Ж. деп да аташат. Ж. 5–6 же 10–15 көздүү (кылтактуу) жасалат. Ал көбүнчө кеки­лик, чил, каракур, бактек ж-а жапайы көгүчкөн, айрым учурда улар, жапайы каз, өрдөктөргө урунт жерге тартылган; 3) катуу жыгач, сөөк, темир ж-а болоттон жасалган бөрү тил кайыр­мак байланган балык кармоочу курал. Анын

боосу да кылдан кабатталып жасалган. Кайыр­мак жок кезде Ж-ни суу түбүнө тартып балык кармашкан. Балык кармоого анча оңтойлуу бол­богондуктан, Ж. кылдарынын учуна түрдүү ка­йырмактар байлана баштаган. Муну да Ж. деп аташкан. Анда 20дан 50гө чейин кайырмак бо­лот. Ж-ни ышкыбоз балыкчылар гана эмес, балык өндүрүшүндө да балыктын айрым түрүн тандап кармоо үчүн колдонот.