ЖЕЛИМ ЖИВОПИСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛИМ ЖИВОПИСИ – негизинен театр жасал­галары үчүн колдонулуучу живопистин тех. түрү. Ж. ж-нде кургак боёктор анча кымбат эмес же­лимдин (көбүнчө жыгач желими же майлоочу) суюк эритиндисине эритилет, иш бор кырты­шында жүргүзүлөт. Ж. ж. көпкө чыдабайт, се­беби арзан желим абадан нымдуулукту сиңи­рип алуу м-н тез чирип кетет. «Ж. ж.» термини кеңири мааниде – живопистик чапташтыргыч заттардагы бардык түрлөрдү гуашь, акварелди өзүнө камтыйт ж-а Ж. ж-н түшүндүрөт.