ЖЕЛ ЭНЕРГЕТИКАСЫ
ЖЕЛ ЭНЕРГЕТИКАСЫ – шамал энергиясын мех., жылуулук же электр энергиясына айландыруучу энергетика тармагы. Ж. э. – тех. каражаттарды долбоорлоонун теор. негиздерин ж-а практикалык ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн жел техникасы м-н шамал энергиясын туура пайдалануунун теор. ж-а практикалык жактарын, шамал курулмаларын рационалдуу пайдалануу ж-а алардын тех.-экон. көрсөткүчтөрүн, о. эле эл чарбасында колдонуу тажрыйбаларын жал-

пылоо үчүн желди пайдалануу болуп бөлүнөт. Шамал энергиясы – Жер атм-сындагы аба кыймылына айланган Күн энергиясынын бир бөлүгү. Күн нуру жер бетин ж-а абаны тегиз жылытпайт. Ысыган аба туш тарапка кеңейе баштайт. Жер бети ж-а аба тегиз жылыбагандыктан, абада басымдын айырмасы түзүлүп, абанын же шамалдын кыймылы пайда болот. Шамал абанын басымы көп жактан аз жакты көздөй жылат. Шамал басымынын айрымачылыгы канчалык чоң болсо, аба агымы ошончолук тез жылып, шамал катуу болот. Шамал энергиясын а. ч-сында пайдалануу келечектүү.