ЖЕНЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕНЕ́ВА – Швейцариядагы шаар. Женева кан­тонунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Же­нева көлүнүн түш.-батыш жээгиндеги адырлуу (бийикт. 372 м) кооз жерде жайгашкан. Калкы 179,2 миң (2007, 40%ке жакыны чет өлкөлүктөр; агломерациясында 750 миңдей); калкынын саны б-ча Цюрихтен кийинки 2-шаар. Ири жолдор тоому. Маанилүү т. ж. түйүнү. Эл аралык авто­вокзалы ж-а аэропорту бар. Алгач Юлий Це­зарь тарабынан Генева деген ат м-н эскерилет. Б. з-дын 400-жылында епископтук ыйгарылган. 14–15-к-да ярмаркалары м-н даңкталган, ки-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

йинчерээк кредит-банк, 16-к-да (Ж. Кальвиндин убагында) европ. реформациянын борборуна айланган. 19-к-дын 2-жарымы 20-к-дын башы­нан Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген революция эмигранттарынын ири борбору бол­гон. 1866-ж. 1-Интернационалдын 1-конгресси өткөн. 1907-ж. Ж-да чиркөө мамлекеттен ажы­ратылган. Ж. – Швейцария м-н Европанын ири банк-финансы борбору. Машина куруу, так ме­ханика (геодезия аспаптары, так эсептөөчү при­борлор, мед. аппараттар ж. б.), саат (кээ бир фирмалары кымбат баалуу сааттарды ж-а зер буюмдарды чыгарат), хим., тигүү, текстиль, по­лигр., тамак-аш (негизинен шоколад, тамеки) ө. ж. ишканалары иштейт. Татымалдарды чы­гаруу б-ча дүйнөлүк лидерлердин бири. Ж. – Европадагы парфюмерия ө. ж-нын маанилүү бор­бору. Ун-ттер, ин-ттар, ил. из. ин-ттары, калк китепканасы (2 млнго жакын китеп, а. и. 6,5 миң кол жазма сакталууда), асем иск-во, ди­зайн ж-а саат жасоочу чеберлердин жогорку мек­тептери, консерватория, музейлер (иск-во ж-а тарых, этногр., сүрөтчү Ж. Ж. Руссонун ж. б.), Гран-театр, «Виктория-холл» ири концерт залы бар. Көптөгөн эл аралык уюмдар (негизинен Улуттар лигасынын, Кызыл Крест, БУУнун бө­лүмдөрү, Бүткүл дүйнөлүк ж-а эл аралык көп­төгөн уюмдар) орун алган жай. Эл аралык конф-ялар, жыйындар, мамлекет башчылары­нын жолугушуулары өткөрүлөт. Готика стилин­деги собор (12–14-к.) ж-а ратуша, Сент-Мари Мадлен (14–15-к.) ж-а Сен-Жерве (15-к.) чиркөөлөрү, ратуша (15-к.), ренессанс ж-а клас­сицизм стилиндеги курулуштар (17–19-к.) сак­талган. Асма көпүрөсү бар. Музыкант-аткаруу­чуларын эл аралык конкурстары (1939-жыл­дан), жыл сайын Ж. эл аралык автосалону, ойлоп табуулардын эл аралык көргөзмөсү, ан­тиквариат ж-а уникалдуу сааттардын аукцион­дору ж. б. өткөрүлүп турат. Ботан. бак (5 млндон ашык өсүмдүктөр өстүрүлөт; тропика оранжерея­сы, көлмөлөр) уюштурулган. Шаардын аймагы­нын 20%тен ашыгын парк (а. и. Рона д-нын ортосундагы), гүлбактар ж-а бактар ээлейт. Шаардын четинде жүзүм айдалып, шарап жа­салат. Туризм өнүккөн.