ЖЕНЕВА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕНЕ́ВА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ (1949) – согуш­тан жапа тарткандарды коргоо ж-дөгү көп та­раптуу эл аралык келишимдер. 1949-ж. 12-ав­густта Женевада (Швейцарияда) кол коюлган: 1) согушуп жаткан армиялардагы жарадар ж-а оорулуу жоокерлердин абалын жакшыртуу ж-дө конвенция; 2) кеме кыйроосуна учураган деңиздеги куралдуу күчтөрдүн курамындагы жа­радарлардын, оорулуулардын ж. б-дын абалын жакшыртуу ж-дө конвенция; 3) аскер туткун­дарына карата мамиле ж-дө конвенция; 4) со­гуш учурунда жарандык калкты коргоо ж-дө конвенция. Ж. к-на СССР да катышкан. Кон-


венциялар эл аралык укуктун согуш аракетте­ри каршылашынын куралдуу күчтөрүнө каршы жүргүзүлөт, жарандык калкка, оорулуу, жара­дар ж-а туткунга түшкөн адамдарга каршы жүргүзүлбөйт деген принцибин бекемдеген. Ж. к. жарыяланган согушта же ар кандай куралдуу чыр-чатакта, кайсы бир аймакты басып алууда (куралдуу каршылык көрсөтүлбөсө да) колдо­нулат. Согушка катышып жаткан тараптар ж-а о. эле бейтарап мамлекеттер Ж. к-нын эре­желерин сакташ керек. Ж. к-на мүчө мамлекет­тер Ж. к-нын эрежелерин бузган кишилерди та­бууга жардам көрсөтүүгө тийиш. Мындай киши­лер кайсыл мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган болсо, ошол мамлекеттин соту м-н сот­толот же Ж. к-на мүчө болгон кайсы бир мам­лекет далилдей алса, анда анын соту м-н да сот­толушу мүмкүн. Жарадар, оорулуу, туткунга түшкөн аскерлерди ж-а жарандык калкты ата­йын өлтүрүү, алардын ден соолугуна зыян кел­тирилген биол. тажрыйбаларды жүргүзүү ж-а туткунга түшкөн аскерлерди душмандын армия­сында кызмат өтөөгө зордоо ж. б. Ж. к-н орой бузгандык болуп саналып, кылмыш жоопкер­чилиги каралган.


Ад.: Пустогаров В. В. Женевским конвенциям 1949 г. – 50 лет. Достижения и проблемы // Государ­ство и право. 1998. ¹ 6.