ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1954) Инди- Кытайдагы согуштук аракеттерди токтотуу ж-а Корея маселесин тынчтык жолу м-н жөнгө са­луу б-ча 1954-ж. 26-апрелден 21-июлга чейин Женевада СССР, КЭР, Улуу Британия, АКШ ж-а Франциянын тышкы иштер министрлери­нин кеңешмесинде кабыл алынган. Инди-Кы­тай ж-дөгү маселени талкуулоого, о. эле КЭР, Вьетнам Демокр. Респ., Камбожа, Лаос ж-а Түш. Вьетнам мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан. Ж. м. Франциянын Вьетнам, Лаос ж-а Камбо­жага каршы 1945-жылдын сентябрынан жүргү­зүп келаткан согушун токтотту. Инди-Кытай өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, биримди­гин, толук эркиндигин урматтоо, ички иштери­не кийлигишпөө принциптеринин негизинде үч өлкөнүн ар биринде жалпы шайлоо өткөрүү ка­ралган, бул мамлекеттердин аймагына чет өлкөлүк согуш базаларын курууга, алардын со­гуш блокторуна катышуусуна тыюу салуу бел­гиленген. Бул иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша ж-а Канада мам­лекеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Инди-Кытайда согуш токтотулгандан кийин Камбожа (1955) м-н Лаосто (1958) шай­лоолор болгон; бирок 1956-жылдын июлуна бел­гиленген жалпы шайлоонун негизинде Вьетнам­ды бириктирүү иши АКШ колдогон Түш. Вьет­намдын каршылыгынан улам жүзөгө ашпай калган. 1964–65-ж. Инди-Кытайда башталган АКШнын согуштук аракеттери Ж. м-н одоно түрдө бузган, к. Вьетнам согуштары.