ЖЕҢЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢЕ – 1) кыргыздын туугандык расымында өзүнөн улуу тууганынын аялын кичүүлөрү ызааттап аташы. Агасынын аялын ини-карын­даштары, келиндери Ж. деп айтышат. Ж-нин


үй-бүлө ичиндеги абалы өзгөчө болгон. Үй-тири­чилигиндеги иштерди негизинен Ж. бүткөргөн. Кайынсиңди, кайнилер өздөрүнүн ички сыр­ларын алгач Ж-сине билдирип, акылдашкан, о. эле кыз берүү каадасын толугу м-н аткарган. 2) Уруктун бардык кичүүлөрү агаларынын аял­дарын Ж. деп аташат. Таякесинин аялын таа­жеңе дешет. 3) Жалпы эле өзүнөн улуу киши­нин аялына кайрылуу. А. Көчкүнов.