ЖЕҢИЛ АВТОМОБИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИЛ АВТОМОБИ́ЛЬ – экиден сегизге чейин жүргүнчү ж-а жүк ташуучу автомобиль. СССРде Ж. а. алгачкы жолу Москвада «Спартак» з-дун­да 1927-ж. чыгарылган. Учурда Кырг-нда пай­даланылып жаткан Ж. а-дер Москва, Нижний- Новгород, Ульяновск, Тольятти ш-нда жасалып келүүдө. О. эле алыскы чет мамлекеттерде (Япо­ния, Германия, Америка, Англия, Франция) чы­гарылганЖ.а-деркеңирипайдаланылууда.Ал кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү б-ча төмөнкүдөй литраждуу болуп айрымаланы­шат: өтө кичине (1,2 лге чейин), кичине (1,2ден


Жөнөкөй класстагы автомобилдин конструкциялык схемасы: 1 – руль дөңгөлөгү; 2 – прибордук панель; 3 – которуучу рычаг; 4 – борбордук башкаруучу пулт; 5 – руль валы; 6 – универсалдуу шарнир; 7 – кыймылдаткыч; 8 – алдыңкы бампер; 9 – Макферсон түркүгү; 10 – дисктүү тормоздук скоба; 11 – алдыңкы тормоздук диск; 12 – алдыңкы жетелөөчү жарым ок; 13 – рейкалуу башкаргыч; 14 – чыгаруучу түтүк; 15 – кузов каптагыч; 16 – амортизатор; 17 – дөңгөлөк капкагы; 18 – арткы тормоздук барабан; 19 – дөңгөлөк; 20 – отун куюлуучу бак; 21 – запас дөңгөлөк; 22 – иштелген газды чыгаруучу түтүк; 23 – арткы бампер; 24 – арткы чырак; 25 – жүк салгычтын капкагы; 26 – люк эшиги; 27 – арткы терезе жылыткыч.

1,8 лге чейин), орто (1,8ден 3,5 лге чейин), чоң (3,5 лден жогору). Ж. а-дин ар бир классы – салмагы, өлчөмү орт. пайдалануу көрсөткүчтөрү м-н мүнөздөлөт. Ж. а-дин кузову ар түрдүү бо­лот: седан – кузову (чанагы) жабык, 4 эшиктүү, отургучу 2 же 3 катар жайгашат; лимузин – седанга окшош, бирок, ичинде тосмо орнотул­ган; купе – 2 эшиктүү, кузову жабык; кабрио­лет – седанга окшош, айырмасы – капкагы ачылат; фаэтон – 2 же 4 эшиктүү, үстү ачылат; универсал – кузову жабык, арт жагында кошум­ча эшиги болот. Өлкөбүздө негизинен «Волга», «Жигули», «Москвич» (Россия); «Мерседес», «Ауди», «БМВ» (Германия); «Тойота», «Ниссан», «Мицубиси» (Япония) ж. б. маркадагы Ж. а-дер колдонулууда – Ж. а. 300 км/с, ал эми атайын жарышуу үчүн арналганы 1000 км/стан ашык ылдамдыкта жүрө алат.