ЖЕҢИШ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Ак-Суу айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңг. 850 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору – Исфана ш-нан 35 км түн.-батыш та­рапта. Үч-Коргон (Өзбекстан) т. ж. бекетинен 18 км. Кыштак 1952-ж. негизделген. Калкы 1169 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, клуб, китепкана бар. Соода борбору, ФАП, мончо иштейт.