ЖЕҢИШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ , Ч ы ч к а н – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Жаргылчак айыл округуна караштуу. Чычкан суусунун ж-а Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1647 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш­нан 24 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. беке­тинен 161 км. Калкы 2263 (2007); негизинен мал м-н алектенип, токой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыш­такта Соц. Эмг. Баатыры К. Намазбеков туулган.