ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ
ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ – өлкөбүздөгү жалпы элдик майрам. Улуу Ата Мекендик согушта (1941– 45) совет элинин фашисттик Германияны жеңгени белгиленип, жылына 9-майда өткөрүлөт. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы (1945-ж. 8-май) б-ча белгиленген; СССР Жогорку Советинин Указы (1965-ж. 26-апрель) м-н 9-май – Жеңиш майрамы деп жарыяланган. Бул күн аскердик парад өткөрүү, салют атуу, салтанаттуу чогулуштарды, ардагерлер м-н жолугушууларды өткөрүү м-н эстеликтерге, мемориалдарга, боордоштук көрүстөндөргө гүл коюу м-н белгиленет.