ЖЕНТЕК
ЖЕНТЕК – бала төрөлгөндө өткөрүлчү той. Ж. той башка тойлордой белгилүү бир күнгө чакырылган эмес. Балалуу болгон кишинин жакындарына бала төрөлгөнүн кабарлап жаштар, көбүнчө балдар сүйүнчүлөшүп, белек (сүйүнчү) алышкан. Сүйүнчү айтылган ж-а Ж. жегени келген киши алгач көрүндүк бенын 1/330000 бөлүгү), орт. тыгыздыгы 5520 кг/м3, экватордук диаметри 12 756 км. Өз огунда айлануу мезгили 23 саат, 56 мин. Экватор тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон кыйшаюусу 23°26′. Ошого байланыштуу жыл мезгилдеринин алмашуусун пайда кылат. Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен Күн системасындагы башка телолор сыяктуу эле, Ж. тегеректен бир аз айырмаланган эллипс б-ча Күндү айланат. Ж-дин эллипс орбитасынын бир фокусунда Күн жатат да, Ж. м-н анын ортосундагы аралык бир жылдын ичинде 147,117 млн кмден (перигелий) 152,083 млн кмге (афелий) чейин өзгөрөт. 149,6 млн кмге барабар болгон Ж. орбитасынын жарым огу Күн системасындагы аралыкты өлчөөнүн бирдик чени (к. Астрономиялык бирдик) болуп саналат. Ж-дин орбита б-ча кыймылынын ылдамдыгы орто эсеп м-н 29,765 км/сек, бирок ал 30,27 км/секдан (перигелийде) 29,27 км/секга (афелийде) чейин өзгөрөт. Мындан тышкары Ж. Күн системасы м-н бирге Галактиканын борборун да айланат (орт. ылдамдыгы 250 км/сек, айлануу мезгили 200 млн жыл). Ж-дин айланасында, орто эсеп м-н 384400 км аралыкта, анын жандоочусу Ай Ж-ди эллипс орбитасы б-ча тегеренип жүрөт. Ж-дин Күндү бир жолу айланып чыккан мезгили жыл, б. а. 365 сутка 5 с. 48 мин 46 сек. Ж. өз огунда айланып, күн м-н түндү пайда кылат, убакыт бирдиги болгон сутканы түзөт. Ж-дин өтө татаал формасы өз огунда айлануудан пайда болуучу борбордон четтөөчү күчтүн, гравитациянын, о. Эле
р

ип, баланы көргөн. Келген адамдарга, кошуна-колоңдорго Ж. үчүн күн мурунтан камдалган сары май (карын май) бузулуп, мал союлуп, тамак-аш тартылып, Ж. берилген. Ж. той аяктарда (2–3 аптадан соң) жентектөө башталган. Балалуу болгон ата-эне м-н куда-сөөк, туугандар, көңүлү жакын жакшы санаалаш адамдар наристеге кийим, буюм, мал энчилөө м-н жентектеп, баланын ата-энесине белек-бечкек беришип, алардын кубанычын тең бөлүшкөн.
А. Көчкүнов.