ЖЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР – Күн системасына кирүүчү планета. Күндөн алыстыгы б-ча 3-орунда, өлчөмү ж-а массасы б-ча чоң планеталардын ичинен 5-орунда турат. Массасы 5976 ⋅ 1021 кг (Күн массасы-

Жердин космостон көрүнүшү.


ЖЕР. ФИЗИКАЛЫК КАРТА. Масштабы 1:115 000 000
ЖЕР. ФИЗИКАЛЫК КАРТА. Масштабы 1:115 000 000


рельеф пайда кылуучу ички ж-а тышкы күч­төрдүн аракетинен келип чыккан (к. Геоид). Гео­дезияда, картографияда ж. б. ил.-практикалык маселелерди чечүүдө Ж-дин эллипсоид түспөлү кабыл алынган. Ж. Күн системасындагы баш­ка планеталардан тиричилик, адам коомунун өсүп өнүгүшү м-н айырмаланат. Азыркы учурда­гы космогониялык көз караштар б-ча, Ж. мын­дан 4,7 млрд жыл мурда, Күндүн айланасында­гы мейкиндикте газ м-н чаң түрүндөгү чачыран­ды заттардын гравитациялык конденсацияла­нышынан пайда болгон (к. Космогония, Күн си­стемасы). Калыптануу учурунда радиоактивдүү элементтердин таасиринен Ж-дин ички бөлүктө­рүнүн ысый башташы, Ж. заттарынын диффе­ренциацияланышына (жиктелишине) алып кел­ген. Дифференциация Жер шарын хим. курамы ж-а физ. касиеттери б-ча бири биринен айыр­маланган геосфераларга (катмарларга) бөлгөн. Ж-дин борборунда ядро, ядрону курчап жаткан катмар мантия пайда болуп, ал эми мантиядан бөлүнүп чыккан жеңил эриген заттардан тур­ган эң үстүнкү катмар – ж е р к ы р т ы ш ы түзүлгөн. Бул 3 геосфера кээде «катуу» Ж. деп аталат. Алардан тышкары Ж-дин сырткы гео­сфералары да бар. Ж-ди курчап жаткан аба кат­мары – атмосфера, суу катмары – гидросфера. Бул 2 геосфера Ж. түпкүрүнөн бөлүнүп чыккан буу м-н газдардан пайда болгон (алар азыр да толукталып турат). Жер бети, гидросфера, о. эле атм-ранын астыңкы, Жер кыртышынын үстүнкү бөлүктөрү биригип, г е о г р а ф и я л ы к же л а н д ш а ф т т ы к к а б ы к деп аталат. Геогр. кабыктагы физ. ж-а хим. шарттан тири­чилик пайда болгон. Тирүү заттар геол. агент катары өтө маанилүү орунда тургандыктан, орг. дүйнө тараган чөйрө б и о с ф е р а деп өзүнчө бөлүнгөн. Жер бетинин 361,1 млн км2ин же 70,8%ин Дүйнөлүк океан ээлесе, 149,1 млн км2ин же 29,2%ин кургактык түзөт. Ж-дин эң бийик жери Гималайдагы Жомолунгма чоку­су (8848 м), эң чуңкур жери Тынч океандагы Мариана кобулу (11022 м). Ж-дин гравитация­лык, магниттик ж-а электр талаалары болот. Анын гравитациялык тартуу күчү (к. Жердин гравитациялык талаасы) Айды өз орбитасын­да кармап турат. Ж-дин түзүлүшү, түспөлү, кебетеси (формасы), Ааламдагы орду ж-дөгү азыркы маалыматтар – илгертен берки изилдөөлөрдүн натыйжасы. Ба­йыркы замандарда Ж-дин формасын аныктоо­го көп аракет жасашкан. Мис., индустар Ж-дин кебетеси лотос сымал дешсе, вавилондуктар аны суу курчап турган тегерек тарткан жалпак арал түрүндө элестешкен. Мындан 3 миңче жыл мур­да Ж-дин формасы ж-дө туура түшүнүктөр пай­да боло баштаган. Байыркы халдейлер Айдын тутулуусунан Ж-дин шар түрүндө экенин 1-жолу байкашкан. Пифагор, Парменид (б. з. ч. 6–5-к.) ж-а Аристотель бул кубулушту ил. жол м-н аныктоого аракет кылган. Байыркы илимпоз­дордун көбү Ж. Ааламдын борбору (геоборб. окуу) деп эсептешкен, бирок гелиоборб. (Күн – дүйнөнүн борбору) көз караштар да болгон. О. кы­лымдарда Ж-дин шар сымал экени ж-а кыймы­лы жокко чыгарылган. Кайра жаралуу доорун­дагы Географиялык улуу ачылуулардан кийин Ж-дин формасы ж-дөгү туура түшүнүктөр кай­радан өөрчүй баштаган. 1543-ж. Коперник дүй­нөнүн гелиоборб. системасын ил. негизде анык­таган. Ж-дин «катуу» бөлүгүнүн структурасы 20-к-да сейсмологиянын жетишкендиктеринен улам такталган. 20-к-дын 2-жарымында раке­та, спутниктердин жардамы м-н атм-ранын жогорку катмары ж-а магнитосфера изилден­ди. Ж-дин турпатын ж-а өлчөмүн геодезия, Аалам телосу катары кыймыл-аракетин астроно­мия, заттарынын физ. абалын, бардык геосфе­ралардагы физ. процесстерди, күч талааларын геофизика, хим. элементтердин таралыш зако­нун ж-а алардын миграция процессин геохимия, жер кыртышынын курамын ж-а анын өнүгүү тарыхын геол. илимдердин комплекси, геогр. кабык м-н биосферадагы табигый процесстерди география ж-а биология илимдери изилдейт.
Ж-дин чоң аймакты ээлеп жаткан эң сырт­кы катмары – магнитосфера (Жер айланасын­дагы мейкиндик). Ж-дин магнит талаасы Күн­дөн келген заряддуу бөлүкчөлөрдү тосуп, плане­танын айласында Жердин радиациялык алка­гын түзөт (к. Жер магнетизми). «Катуу» Ж. м-н бирге айланып, аны курчап жаткан аба катма­ры – атмосфера. Атм-ранын 200 км бийиктик­ке чейинки негизги компоненти – азот. Андан жогору кычкылтек атомдорго ажырап, 600 км­ден баштап гелий, ал эми 2 миң кмде суутек басымдуулук кылып, Ж. айланасында суутек таажысын пайда кылат. Геогр. кабыктагы физ., хим., биол. процесстердин бирден бир булагы болгон Күн нуру атм-ра аркылуу Жер бетине өтөт. Ж-ди курчап жаткан суу катмары (гидро­сфера) туташ эмес. Анын 94%ин океан-деңиз­дер , 4%ин жер астындагы суулар, 2%ин кар­муз-мөңгүлөр, 0,4%ин – кургактыктагы суулар (дарыя, көл, саз), бир азын атм-ра м-н организм­дердин курамындагы суулар түзөт. Суу масса­лары бири-бирине өтүп турат. Гидросферада бар­дык хим. элементтер бар. Ж-дин эң үстүнкү «ка­туу» катмары – жер кыртышы (А). Анын түзүлүшү өтө татаал ж-а бир тектүү эмес. Жер кыртышынын ичинен кеңири тараганы – мате­риктик ж-а океандык кыртыш. Материктик кыртыш 3 кабаттан турат: үстүнкү (чөкмө ка­бат, калыңдыгы 0–20 км), ортоңку (шарттуу түрдө «гранит» кабаты, 10–40 км) ж-а астыңкы («базальт» кабаты, 10–70 км). Океан түбүндө чөкмө кабаттын калыңдыгы бир нече жүз мге араң жетет; «гранит» кабаты жок. Анын ор-