ВАНТ-ГОФФ ЭРЕЖЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– хим. реакциянын ылдамдыгынын темп-рага көз карандылыгын мүнөздөөчү эреже. Ал б-ча темп-ра 10°Сге жогорулаганда хим. реакциянын ылдамдыгы болжол м-н 2–4 эсеге көбөйөт. Ошондуктан көпчүлүк хим. реакциялар жогорку темп-рада жүргүзүлөт. Бул эрежени голл. физ.-химик Вант-Гофф ачкан. Хим. реакциянын ылдамдык константасынын темп-рага болгон көз карандылыгынын тагыраак теӊдемесин А. С. Аррениус сунуштаган.