ЖАА ЭЛЕКТР МЕШИ
ЖАА ЭЛЕ́КТР МЕШИ – металл ж. б. материалды эритүүдө электр жаасынын жылуулугу колдонулуучу өнөр жай меши. Алгачкы Жаа электр меши 1898– 1901-жылдарда Францияда ж-а Италияда курулган. Бул меште жогорку температураны (2500°Сге чейин) алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ысытуу ыкмасы боюнча түз ысытылуучу (электр жаасы электрод м-н ысытылуучу нерсенин ортосунда күйөт), кыйыр ысытылуучу (электр жаасы металлдан бир канча аралыкта электроддордун ортосунда күйөт) ж-а жабык жаа (жаа электрод чөктүрүлгөн катуу

шихтанын катмарынын алдында күйөт) болуп бөлүнөт. Өнөр жайда түз ысытылуучу ыкма кеңири таралган (негизинен болотту эритүүдө). Мындай мештин сыйымдуулугу 350 т га жетет. Жогорку сапаттагы болотту, металлды ж-а эритмени алуу үчүн вакуумдук Жаа электр меши колдонулат. Мында электрод катары сомдолуп пресстелген, куюлган, согулган же тапталган титан, болот, ниобий материалдары пайдаланылат. Ал эми күкүм түрүндөгү майдаланган металлдарды эритүү үчүн вольфрам же графит сыяктуу материалдан жасалган вакуумдук Жаа электр меши колдонулат. Меш электр энергиясын трансформатордон алат.