ЖААК-ТАШ
ЖААК-ТАШ , Т а р а г а й – Жети-Өгүз районундагы суу, Чоң Нарындын оң курамы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 1173 км2. Кум-Төр суусу м-н Ара-Бел суусунун кошулушунан пайда болот. Кум-Төр Петров мөңгүсүнөн башталат. Жогорку бөлүгүндө Жетим-Бел ж-а Ак-Шыйрак кырка тоолорун бөлүп турган капчыгай аркылуу, андан чыкканда байыркы мореналуу түздүк м-н түштүк-батышка карай агат. Түздүккө чыкканда жай агып, салааларга бөлүнөт. Төмөнкү агымында бир нук м-н агып, босоголорду пайда кылат. Мөңгү, кар ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 11,3 м3/сек. Июлда кирип, сентябрда тартыла баштайт.