ЖААКСЫЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 30 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖААКСЫЗДАР (Aghatha) – сууда жашоочу омурткалуулардын чоң классы. Омурткалуу жаныбарлардын эң жөнөкөйлөрү. Жаагы жок ж-а таноосу бирөө. Скелети кемирчектүү. Ба­калоору капчык түрүндө болгондуктан, к а п­ ч ы к б а к а л о о р д у у л а р деп да аталат. Бакалоор скелети капчыгынын сыртынан орун алган, омуртка түркүгүнүн кызматын хорда ат­карат. Жааксыздар байыркы девон ж-а силур мезгилин­де кеңири таралган. Азыркы фаунада Жааксыздардан оймок ооздуулар классынын 2 өкүлү – минога­лар ж-а миксиндер кезигет.